Кант шаарында 23 жаштагы айдоочу Лексус унаасы менен тепловозду сүзүп алды. 15-ноябрдан 16-ноябрга караган түнү 1992-жылы туулган М.У. аттуу айдоочу Панфилов көчөсү менен баратып жол чырактын кызыл жарыгы күйүп турганына карабай темир жолдон өтүп кетүүгө аракет кылган. Анын жыйынтыгында айдоочу жүрүп бараткан тепловозду сүзүп алган. Кырсыктан эч ким жабыр тарткан эмес.
Бул тууралуу Чүй облустук жол-кайгуул кызматынан 17-ноябрда билдиришти.