17-ноябрь күнү саат 23:29да Кыргыз Республикасынын аймагында жер силкинүү катталды. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун алдын ала берген маалыматы боюнча, жер титирөөнүн күчү очогунда 5-6 баллга (маалымат такталууда) жеткен. Жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ийрек айылынан 10 чакырым батыш тарапта, Ош шаарынан 30 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан. Жер титирөө Каратай жана Ийрек айылдарында 5-6 балл, Ош шаарында 4,5 балл сезилген (маалымат такталып жатат).
Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, кыйроолор болгон эмес жана адам өмүрүнө зыян келген жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү башкармалыктары менен бөлүмдөрүнүн адистери жер-жерлерде тактоо иштерин жүргүзүп жатышат.