Бишкекте 27 жаштагы кыз уурулукка шектелип кармалды. Бишкек ШИИББинин берген маалыматына таянсак, Бишкек шаарынын 20 жаштагы Нураим аттуу тургуну милицияга кайрылып, белгисиз жаран анын үйүнө кирип, 5700 сомун уурдап кеткенин билдирген. Ошондой эле 36 жаштагы Азизбек деген шаар тургуну да кайрылып, 4500 сомун уурдатканын кабарлаган. Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп, уурулукка шектүү катары 27 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургунун колго түшүрүшкөн. Иликтөө иштери жүрүп жатат.