Ош облусунда түн ичинде экинчи ирет жер титирөө катталды

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, Ош облусунун Кара-Суу районунда 18-ноябрь күнү саат 02:03тө очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Лангар айылынан 7 чакырым түндүк-чыгышты карай, Кара-Сөгөт айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышты карай, Баш-Булак айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышты карай жана Ош шаарынан 28 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан. Лангар айылында 3,8 балл, Кара-Сөгөт айылында 3,5 балл, Баш-Булак айылында 3 балл жана Ош шаарында 2-3 баллга чейин сезилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жер титирөөнүн кесепетинен Амир-Темир аймактык кеңешинин милиция бөлүмчөсүнүн имаратынын дубалдарынын кафелдери түшүп калган. Ошондой эле №52-орто мектептин, Терешкова атындагы мектеп-интернатынын дубалдарынын шыбактары көчүп, жарака кеткендиги тууралуу маалыматтар келип түштү.

Ош шаарынын Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан бүгүн жер титирөөнүн кесепеттерин тактоо жана жеринде иш-чараларды аткаруу жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
marmilantka
2015-11-18 09:31:50
Ошондо Бишкекте канча балл болду?
+1
Abdurahman
2015-11-18 09:32:57
Бишкекте 3с чем то дешет го
+1
Abaika22
2015-11-18 09:35:43
Кудай сактаптыр, тынч болунуздар.
+1
madina.87
2015-11-18 09:38:48
Экинчи ирет титирегенин айтса чымындан пил жасап атат дединер эле айрым колдонуучулар.
Калк айтса калп айтпайт.
+1
chabandes
2015-11-18 09:42:54
биринчиси абдан катуу болдуго
+1
chyngyz-KG
2015-11-18 09:44:41
5:00 да болду
+1
Mirbek1993
2015-11-18 10:08:28
Жалал Абад обл,Ала Бука районунда да катуу каталды.
+1
kobra86
2015-11-18 10:11:26
"Оо жараткан Алла баардык мусулман бир туугандарымды озуно аманат кылам"-деп уктаар алдында айтышыбыз керекда
+3
amanatym
2015-11-18 10:27:18
катуу болду тун ичинде. Кудайым бизди кырсыктан алыс кылсын.
+2
jaguar11
2015-11-18 10:29:26
кудай сакта ушундай озбектин атындагы кочолорго башка ат койбойбулар амир-тимур бобабыз дешпей
+3
Asadulla
2015-11-18 10:37:57
jaguar11, амир Тимур ХХХ ХХХ ХХХ...
0
jaguar11
2015-11-18 12:03:49
Asadulla, ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-11-18 12:27:58
Asadulla, jaguar11 - эскертүү!
Жеке айтышууларга тыюу салынат. Дагы кайталанса сайттан узак убакытка четтетилесиңер.
0
Arzuuda
2015-11-18 10:46:20
jaguar11,Бул жерде-емне-тема бп жатат? Сен кайдагы-бабанды айтып жатасын?
0
Bek94
2015-11-18 10:30:48
Мен коркуп турдум келме келтирип экинчи жер титирөө качан болду мен сезбедимго?
+1
Emil0279
2015-11-18 11:51:01
Бишкекте да болду го, 23:30чамасында,аябай корктук, келме келтирдик
+1
ulik-89
2015-11-18 12:21:19
Emil0279, азыр Алайда да титиреди 11:28де
+1
karyshkyr
2015-11-18 12:21:43
Сейсмология 11 жарымдагы жер титироону байкашпай калганбы, ото коркунучтуу болду
0
uran98
2015-11-18 13:54:43
saat 1:19 chamasynda boldu oshto 5,8 bal titiredi 2:25 chamasynda 3 jeterlik titiredi en kooptu delgen alai roionunda boldu iri suu aiylynda boluptur
0
altynka95
2015-11-18 17:53:26
Каракулжада да катуу титиреди 23:31 екен еле титиреп буткондон кийин саатты карасам, ерте м.н да титиреди го 9дарда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан