ӨКМ. Жер титирөөнүн кесепетинен Алай районунун айылдарындагы бир нече турак үйдө жаракалар пайда болуп, Кара-Суудагы 4-5 үйдүн дубалдары көчүп түштү

17-ноябрь күнү болгон жер титирөөдөн улам Алай районунун айылдарындагы бир нече турак үйдө жаракалар пайда болуп, Кара-Суу районундагы Чайчи айылында 4-5 турак жайдын айрым дубалдары көчүп түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

ӨКМнын Ош облустук башкармалыгынан жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ түзүлүп, бүгүн жер титирөөнүн кесепеттерин тактоо жана жеринде тийиштүү иш-чараларды уюштуруу үчүн чыгып кетти. Ошондой эле Кара-Суу райондук жарандык коргоо комиссиясы жеринде иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Жер титирөө Талдык, Лаглан, Тээке айылдарында 7 балл, Кызыл-Туу, Боз-Караган, Гүлчө айылдарында 6-7 балл, Ош шаарында 6 балл, Жалал-Абад шаарында 4-5 балл жана Өзгөн шаарында 5-6 балл болгон. Буга чейин ӨКМ жер титирөөнүн күчү 5-6 баллга жеткенин кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
ainuska00
2015-11-18 09:40:12
Кудайым озу сактасын.....Туну жатаарда кудайдан тиленбей эле жатыпмын.жер титирегенде Кудай Кудай деп калдымго....Кылган куноолорубузду Кудайым озу кечирсин.боодо кырсыктан сактасын.
+10
Atabaev.kg.su
2015-11-18 09:47:54
Аллах таала озунун мээримдуу сыпатты менен оз пенделерине ырайым токту
+5
chyngyz-KG
2015-11-18 09:53:34
Жер которо албайтат адамдардын пейлин
+12
kobra86
2015-11-18 10:06:47
Алла озу сактасын.
+5
azim2
2015-11-18 10:10:14
Кудай бөөдө кырсыктан сактасын.
+8
a.m.akmoldoev
2015-11-18 10:10:30
АЛЛАХЫМ озу сактасын кырсыктардан
+5
kenjebek77
2015-11-18 10:55:20
Кудайым сактасын кырсыктан .эл журт аман бололу.
+4
jon.as
2015-11-18 11:30:38
Кудайым тилсиз жоодон озун сактай кор, эли жерим аман болсунчу
+3
Jumaakb
2015-11-18 12:47:38
Тообо кылдым азыр окуп туура эмес маалымат деп жатсам. Кайра ондоп коюпсунар. Азаматтар.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан