Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 1 килограмм маңзат менен 27 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу 18-ноябрда облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Липенка айылынын Данияр аттуу жашоочусу баңгизатын сактап жүргөндүгү боюнча кабар түшкөн. Иликтөө иштеринин натыйжасында анын 20 миң сомго бааланган маңзатты сатуу боюнча сүйлөшүүлөрү тууралуу белгилүү болгон.
17-ноябрда баңгизатын сатып жаткан учурда Данияр М. кармалды. Учурда кылмыш иши козголуп, кармалган жаран Караколдогу тергөө абагына киргизилди.