Бишкектеги темир жолдун жанынан азиат улутундагы, 40-45 жаштардагы адамдын жансыз денеси табылды (фото нерви жукаларга сунушталбайт)

Бүгүн, 18-ноябрда саат 08:00 чамасында Бишкек шаарынын Ала-Тоо конушундагы темир жолдун жанынан азиат улутундагы, 40-45 жаштардагы белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Ленин райондук милициясынын кызматкерлери аны өлтүргөн адамдарды издөө боюнча ыкчам иликтөө амалдарын жүргүзүшүүдө. Мындан улам милиция маркумдун өздүгүн аныктоодо жарандардан жардам сурап жатат. Эгер ал жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, (0553) 102-359, (0551) 102-233 телефон номурлары аркылуу кайрылышыңыз керек. Милиция купуялыкты сактоого кепилдик берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
zhykyo
2015-11-18 12:50:28
Кудай сакта жанчып таштаптыр го болушунча башын да тешип салганбы
0
Umar080814
2015-11-18 12:54:23
кудай сакта.
0
Medina..
2015-11-18 13:16:36
Тооба кылдым.Кудай сакта,ушунча да сабашабы((
0
madina.87
2015-11-18 13:20:07
Мынча эмне очошту экен.Бир жакшына эле адам экен.Бейишин берсин Аллахым!
0
jyldyzay
2015-11-18 13:20:57
Кудай сактаа адамдарга эмне болуп жатат. Беш кундук дуйнодо бири бирибизди сыйлайлычы достор
0
Gulya.akbaralieva
2015-11-18 13:40:05
Титиреп кеттим. Кудай сакта мынча мыкаачылар коп
0
omka100514
2015-11-18 15:20:36
мыкаачылык менен олтуруптурго, Аллахым бейишин берсин
0
USSRKG
2015-11-18 16:08:46
Страшныйго чочуйсун адам баласындай мыкааачы жан жок.
0
Maks_shop
2015-11-18 18:45:34
Бул баягы бирөөнүн аялына барып колго түшкөн кишиге окшойтко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан