Бишкек шаарындагы таштанды төгүүчү жайда Алтын-Казык конушунун тургунун сабоо боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда шаардык кеңештин жыйынында Свердлов райондук милициясынын жетекчилигинин өкүлү билдирди.
Анын айтымында, Свердлов райондук соту шектүү делген 3 жаранга өлкөдөн башка жакка чыкпоо боюнча чараны кабыл алды. Ал эми 20-ноябрда соттук экспертизанын жыйынтыгы чыгарылып, иликтөө иштери уланары айтылды.
Айта кетсек, бүгүн БШКнын жыйынына Алтын-Казык конушунун жашоочулары келип, алардын жанында жайгашкан таштанды полигонундагы мыйзам бузуу фактылары катталып жатканына арызданышкан. Конуштун активисти Булбул Маматкадырова шаардык кеңештин депутаттарына кайрылып: “Жакында Өмүрбек аттуу жергиликтүү тургунубуз иттерине нан терип жүргөн жеринен полигондо иш алып барган жеке компаниянын Замира аттуу өкүлү өз адамдары менен аны сабап, велосипедин сындырып кеткен”,- деп билдирген.
"Ал аял "полигонду 6 миң сомго сатып алгам" деп, аталган жерден майда-чүйдөлөрдү чогулткан жергиликтүү тургундарды айына 1,5 миң сомдон төлөтүүгө милдеттендирген. Мындан тышкары алардан паспортторду талап кылат",- деген нааразычылыгын айтты Маматкадырова.