Бүгүн, 18-ноябрда саат 11:26да Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Ош облусунун аймагында болуп, Кара-Суу районунун Чайчи айылынан 8 чакырым түштүк-батыш тарапта, Лангар айылынан 8 чакырым чыгыш тарапта, Кабылан-Көл айылынан 12 чакырым түндүк-батыш тарапта, Ош шаарынан 35 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Чайчи, Кабылан-Көл, Лангар айылдарында 3,5 балл, Кызыл-Суу, Боз-Караган, Бек-Жар, Кара-Шоро, Баш-Булак айылдарында 3 балл, Кызыл-Коргон айылында жана Ош шаарында 3 баллга сезилген.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок.