Египетте, Францияда жана башка мамлекеттерде орун алган террордук акттарга байланыштуу Кыргыз Республикасындагы стратегиялык объекттерде коопсуздук күчөтүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда министрлик күч түзүмдөрү менен биргеликте коопсуздукту камсыздоого арналган координациялык иш-чараларды жүргүзүүдө. "Негизинен, тиешелүү чаралар өлкөнүн стратегиялык объекттеринде коомдук коопсуздукту сактоого багытталган. Бекеттерде террордук аракеттерге каршы чаралар каралууда. Аэропорттордо ички мекемелик күзөт кызматы түзүлүп, видеобайкоочу камералар орнотулду. Мындан тышкары объекттердин ички курамдары менен авиациялык коопсуздукту күчөтүү боюнча үйрөтүүлөр өткөрүлүүдө",- деп жазылат маалыматта.