Базар-Коргондо кол алдындагы кызматкерге ок чыгарган чиновник камакка алынды

Мамлекеттик каттоо кызматынын Базар-Коргон району боюнча Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы Эмилбек Тарыхчиев "кол алдындагы кызматкерине ок чыгарган" деп айыпталып камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук прокуратурасы тапанча менен адамга карата ок чыгаруу фактысы боюнча "кылмыш далалаты" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Эскерте кетсек, 13-ноябрда Мамлекеттик каттоо кызматынын Базар-Коргон боюнча башкармалыгынын башчысы Э.Тарыхчиев кол алдындагы кызматкерге ок чыгарганы маалым болгон. Кызматкер башынан жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Ал милицияга арыз менен кайрылуудан баш тарткан. Милиция тергөө амалдарын жүргүзүп, тиешелүү материалдарды облустук прокуратурага жөнөткөн. Аталган окуяга байланыштуу айыпталуучу Э.Тарыхчиев кызматынан убактылуу бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
meky85
2015-11-18 19:14:08
Жумушун колдун кири да
0
karakchyyy
2015-11-19 01:15:16
Урматтуу Суперчилер Жана админ сураныч К.Дуйшебаеванын иши эмне болду кунолуулор табылдыбы же басты басты болуп кеттиби кыскасы ошол бойунча маалымат алып бериниздерчи.
0
admin_portal
2015-11-19 11:32:12
karakchyyy, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
karakchyyy
2015-11-19 17:17:59
admin_portal, саламатсызбы админ арзыбаган сунуш сураныч конул буруп койсонуздар. Г.Сатыбеков Садыбакасова экоосунон интервью алыныздарчы кененирек акыркы кундору жок болуп кетишти.
0
admin_superstan
2015-11-19 17:29:47
karakchyyy, саламатсызбы!
Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип коёбуз. Рахмат!
0
tilek88.88kg
2015-11-19 13:08:08
Аткан Адам жазасын алсын козу май басып акчага коп кеткен болсо керек
0
Polat
2015-11-20 17:45:41
tilek88.88kg, кеп ошондо болуп жатпайбы. Мынтип эми Тарыхчиевдин окул баласы Илгиз Абдыкадыров, окул атанын ордун атайын комиссиянын чечими менен ээлеп калды. Кандай болбосун тууганы болуп жатпайбы, демек окул атанын кыныр иштерин четинен жаба баштайт. Айласыздан мамкаттоо агенттиги озу аралшканбы деп ойлойсун. Укук коргоо органдары киришип, башчылыкка сырттан адам алып келбесе, ташыркабаган Тарыхчиев суудан кургак чыгып кетип журбосун. Ошондуктан Таирбек Сарпашев ушул жагын карап койсо болмок.
0
tilek88.88kg
2015-11-19 13:09:08
Коооп
0
Polat
2015-11-20 17:40:34
Базаркоргондук карапайым эл Тарыхчиев деген эргул камакка алынып, кылмыш иши козголсо да коркуп жатканын айтышат. Анткени Срапашев жоноткон атайын комиссия, Тарыхчиевдин окул баласы, анын кол алдында иштеген Илгиз Абдыкадыровду Базар-Коргон раймамкаттоонун башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу кылып шайлаганы, карышкырга кой кайтартканга тете болуп калды дешет. "Окул бала, оз бала" дегендей убактылуу бийликте туруп, окул ата жасаган башка кылмыш иштерди буйдамалап салбайт деп ким кепил болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан