18-ноябрь күнү саат 20:57де Ош облусунун аймагында кайрадан жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын Сейсмология институтуна шилтеме кылуу менен берген маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл аймагындагы Чайчи айылында 3 балл, Алай районунун Кабылан-Көл айылында 3,5 балл, Өзгөн районунда 3,5 балл болгон.
Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, кыйроолор жана курман болгондор жок.
Эскерте кетсек, Ош облусунун аймагында 17-ноябрда очогунда 7 баллга, бүгүн 4 баллга жеткен жер силкинүү катталып, 50гө чукул үйдүн дубалдарынан жарака кетип, Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл аймагындагы Чайчи айылында 6 үй жарым-жартылай кыйроого учураганы аныкталды.