"Парижде 129 адамдын өлүмүнө алып келген террордук акттарды уюштурган" деп шектелген 7 адам кармалды. Бул тууралуу европалык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, 18-ноябрда Франциянын атайын багыттагы жоокерлери Париждин Сен-Дени аймагындагы турак жайлардын биринде шектүүлөрдү кармоо операциясын жүргүзүштү. "Операциянын жүрүшүндө бир террорчу аял өзүн жардырууга үлгүрдү. Аны менен кошо анын шериги да каза тапты. Иш-чаранын жыйынтыгында жалпысынан 7 адам кармалды. Операцияга катышкан 5 полиция кызматкери жеңил жаракат алды. Учурда аталган аймакта дүкөндөр жана мектептер убактылуу иштебей жатат",- деп жазышат басылмалар.
Ал эми Парижде террордук акттарды уюштуруу боюнча Абдельхамид Абауд жана Салах Абдеслам аттуу адамдар негизги шектүүлөр катары саналышууда.
Айта кетсек, 13-ноябрда Парижде бир катар террордук акттар болгон. "Стад де Франс" стадионунда террорчулар өздөрүн жардырып жиберишкен. Ондогон адамдар борбордук көчөлөрдө, кафелерде октон каза болушса, "Батаклан" концерттик залындагы көрүүчүлөрдү да куралчан террорчулар атып салышкан. Франциянын борбор шаарындагы теракттар боюнча жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" тобу алган.
Акыркы расмий маалыматка таянсак, 129 адам каза болуп, 352 адам жаракат алган. КРнын Тышкы иштер министрлиги каза болгондор жана жаракат алгандардын арасында кыргыз жарандары жок экенин маалымдаган.