Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталды

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматына таянып Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, өрт кырсыктарына Бишкек шаарында, Чүй, Талас, Ош жана Баткен облустарында жайгашкан турак үйлөр дуушар болду. Кырсыктын келип чыгышына мештин жана мордун туура эмес түзүлүшү, электр жабдууларын куроодо эрежелердин бузулушу жана тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан