"Ислам мамлекети" Египетте кулаган орусиялык учакты жардырууга колдонулган бомбанын сүрөтүн жарыялады

"Ислам мамлекети" Египетте кулаган орусиялык учакты жардырууга колдонулган бомбанын сүрөтүн аталган топ тарабынан чыгарылган "Дабик" журналына жарыялады. Макаланын авторлору учак газдалган суу куючу банканын ичине салынган зат аркылуу жардырылганын жазышкан. Бирок дал ушул жардыруучу зат учактын кыйрашына алып келгени боюнча тастыктамалар жок. Бул тууралуу 18-ноябрда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Эске салсак, 31-октябрда 224 жүргүнчүсү менен Шарм-эль-Шейх шаарынан Санкт-Петербургга сапар тарткан орусиялык А321 учагы Египеттеги Синай жарым аралына кулаган. Анда 217 жүргүнчү жана 7 экипаж мүчөсү набыт болгон.
17-ноябрда Орусия бийлиги учак лайнердин ичиндеги бомбадан улам жарылганын айтып, кырсыкка теракт деп баа берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aduk_aksuu
2015-11-19 11:38:26
ишениш кыйын ,
0
ZANIA-92
2015-11-19 18:36:19
Ишенген жокмун, бул жердеда оюн болуп жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан