Ош облусунун Кара-Суу районунда 21-октябрда катталган кылмыштын бети ачылды. Ош шаардык жана облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, анда белгисиз бирөөлөр жеке ишкердин үйүнө түн ичинде кирип барып, тапанча такап коркутуу менен 300 миң сом, 7 миң рубль жана 1,5 миң долларга бааланган зер буюмдарын алып кетишкен. Алардын 1981-жылы туулган үй ээсинин колу-бутун таңып, оозун жаап, тапанча такаганы белгилүү болгон.
Окуяга шектүү катары милиция 3 жаранды колго түшүрдү. Текшере келгенде алардын биринин үйүнөн тапанча табылган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүп жатат. Окуяга катыштыгы бар жарандардын экөө 1989-жылы туулган болсо, бири 1988-жылы туулган.