Бүгүн, 19-ноябрда эртең менен Чоң Чүй каналынын жанынан снаряд табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 09:30 чамасында милицияга жергиликтүү тургун кайрылып, аталган каналдан жарылуучу затка окшош буюмду байкаганын билдирген. "Милиция кызматкерлери ошол аймакты курчоого алышып, сапёрлор текшерүү ишин жүргүзүшкөн. Белгисиз металл буюму жарыла турган снаряд экени аныкталган. Андан соң снаряд "Ала-Тоо" полигонуна жеткирилип, жардырылган",- деп жазылат маалыматта.