Жалал-Абад облусунда диний-экстремисттик көз карашты колдогон 520 адам каттоодо турат

Быйыл Жалал-Абад облусунун аймагында диний кастыкты козутуу багытында катталган 45 факт боюнча кылмыш иштери козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө облустун аймагында диний-экстремисттик көз карашты колдогон 520 адам каттоодо турат.
"Облус аймагында 608 мечит, 190 намазкана бар. Диний билим берүүгө каттоодон өткөн 6 медресе, 1 "Амир Хамза" ислам институту, 4 чиркөө өз иштерин жүргүзөт. Ошондой эле Жалал-Абад облусунун аймагында диний экстремизмге жана улуттар аралык араздашууга каршы күрөшүү, чек арада чыр-чатактарды болтурбоо максатында жер-жерлерде жалпысынан 14 жолу семинар-кеңешмелер өткөрүлгөн. Учурда облустун аймагында улуттар аралык, диний жана коомдук абалга көзөмөл жүргүзүлүп, ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш-чаралары улантылууда”,- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
guzel_
2015-11-20 08:28:26
Оронгондорду жок кылыш керек.баардык нерсе оронгондордон чыгат
-1
marmilantka
2015-11-20 09:21:07
guzel_, ойунузга келгенди оттой бербенчи ошол терроризмдер мусулмандардын атын булгап оронуп алып же сакал койушуп алып кылгылыкты кылып жатышат.Бирок чын дилинен оронгон Адам андай жолго барбайт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан