Токмок шаарындагы Быстроток суусуна милиция кызматкери Тынчтык Абдрахманов менен бирге агып каза болгон белгисиз кыздын өздүгү аныкталганын 19-ноябрда Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 18-ноябрда милицияга кыздын 1980-жылы туулган С.Н. аттуу агасы кайрылып, гезит бетине сүрөтү жарыяланган кыз карындашы болорун айткан. Анын билдиришинче, карындашы 8-ноябрда Токмок шаарындагы убактылуу жашап жаткан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Милиция өлүк сактоочу жайда 8-ноябрдан бери турган маркумдун сөөгүн агасынын колуна өткөрүп берди. Ал кыз Ысык-Көл облусунун 1989-жылы туулган С.Рахат аттуу тургуну экени белгилүү болду.
Эскерте кетсек, 8-ноябрь күнү ал кыз Быстроток суусунда агып бара жатканда аны куткарууга аракет кылам деп Токмок ШИИБинин кызматкери, 1989-жылы туулган Тынчтык Абдрахманов сууга секирип түшкөн. Суу шар аккандыктан, жээкке чыга албай экөө тең сууга агып кеткен. Бир аз убакыттан кийин Тынчтык Абдрахманов менен кыздын жансыз денеси Быстроток каналынын бүткөн жеринен (Бишкек-Кемин унаа жолунун 59-чакырымынан) табылган.