Бүгүн, 19-ноябрда саат 20:00 чамасында өлтүрүлгөн аймактык милиционер Актилек Абдубалиевдин сөөгүн окуя болгон жерден алып кетишти. Учурда милиция кызматкерлери борбор шаардын 8-кичи районундагы №38-үйдү жана ага жакын турган үйлөрдү, ошондой эле 7-кичи райондун бир бөлүгүн курчоого алышып, аны аткан эки кылмышкерди издөө аракеттерин көрүшүүдө.
№38-үйдүн жашоочулары 5 жолу ок атылганын угушканын айтышууда. "Аймактык милиционер 2 адамдын документтерин текшерип жатканда, алар аны аткылашкан. Андан кийин алар велосипеддер менен качып кетишкен. Ошол велосипеддер 7-кичи райондон табылды, бирок кылмышкерлер колго түшө элек",- дешти SUPER.KG порталына милиция кызматкерлери.