2015-жылы балдарга карата зордук-зомбулук фактыларынын 65 пайызы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы бүгүн, 20-ноябрдагы жыйынында жашы жете элек балдарга карата зордук-зомбулук көп болуп жатканы боюнча укук коргоо органдарынын жана башкалардын маалыматын угууда. Жыйында фракция лидери Бакыт Төрөбаев балдарга карата зордук-зомбулуктун саны өсүп жаткандыктан, мындан арылуу үчүн маселени талкууга алып чыгып, көйгөйдү чечүүнүн жолдорун табуу керек болуп жатканын айтты.

ИИМ өкүлү Адилбек Абдраимов балдарга карата зордук-зомбулуктун саны жылдан-жылга өсүп жатканы боюнча маалымат берди. Анын айтымында, 2015-жылы балдарга карата зордук-зомбулук фактыларынын 65 пайызы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган. Калган 35 пайызы башка облустарда болгон. "14 жашка чейинки балдарга зордук көрсөткөн адамга катуу жаза каралып, аны 20 жылга же өмүр бою эркинен ажыратуу каралган. Ага карабай кордук көргөндөрдүн саны өсүүдө",- деди Абдраимов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан