Бишкек ШИИББинин жалпы ички курамы аймактык милиционер Актилек Абдубалиевди өлтүргөн кылмышкерлерди издеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Франциядагы террордук акттарга арналган иш-чарада шаардык милициянын башчысынын орун басары Аскат Султаналиев билдирди.
Анын айтымында, борбор калаанын аймагында тинтүү иштери Бишкек ШИИББинин башчысы Кашкар Жунушалиевдин жетекчилигинин алдында жүргүзүлүүдө.
Айта кетсек, кечээ, 19-ноябрда саат 20:00 чамасында Бишкектин 8-кичи районундагы 38-үйдүн жанынан 2 адам аймактык милиционер Актилек Абдубалиевди болжол менен 5 жолу атып өлтүргөн. Андан соң кылмышкерлер велосипеддер менен 7-кичи район тарапка качышканы аныкталган.