Бишкекте өлтүрүлгөн милиционер Актилек Абдубалиевдин жакындарына акчалай жардам көрсөтүлөт

Кечээ, 19-ноябрда Бишкектин 8-кичи районунда өлтүрүлгөн милиционер Актилек Абдубалиевдин жакындарына акчалай жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, азырынча жардамдын көлөмү тактала элек. "Аймактык милиционерди өлтүрүү фактысы боюнча "укук коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Учурда кылмышкерлерди издөө боюнча иштер уланууда. Окуя болгон жерде Макаров тапанчасынын 5 гильзасы табылган",- дешти мекемеден.

"Кенже лейтенант Абдубалиев Актилек Асанович 1989-жылдын 3-мартында Жалал-Абад облусунун Кашка-Суу айылында туулган. 2012-жылдан тарта милицияда иштеген. Милиция түзүмдөрүндө мыкты кызматкер катары бааланган. Ал бир топ кылмыштардын бетин ачкан",- деп маалымдашты милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
bulak
2015-11-20 11:06:58
Жаткан жери жайлуу болсун.
+4
Mikella
2015-11-20 11:15:21
Жаткан жери жайлуу болсун! Жапжаш жигиттин омурун алышты, адам аты очсун!
+4
Sayragul
2015-11-20 11:34:42
Деги уройун учат, бир жакшы кабар угулабы озу биздин олкодон. Жаткан жери жайлуу болсун, жапжаш бала экен. Тиги адам олтургучтор деле адамдан жаралган го, кантип колдору, диттери барат ушинткенге. Ушуга окшогондорду карап туруп, мындай тыянакка келесин, мурда СССР убагында балдар коомдон дагы тарбия алчу, кочодо туура эмес жумуш жасаган бироону коруп калган адам, тыюуу салып , андай кылбашы керектигин эскертип, коом тарбия берчу эле. Азыр кайра озун абийирин тогот, тыйган кишинин.
+1
gulaza
2015-11-20 11:41:07
Милициянын кадырын чет олкодо жургондор билет бейиши болсун
+2
ufc123456
2015-11-20 11:44:35
Bul oku9nyn artynda bir syr bar dep jazbaisynarby
+1
meky85
2015-11-20 13:01:36
Жаткан жери жайлуу болсун.
+1
kurman911
2015-11-20 13:57:02
жаткан жери жайлуу болсун менин группалашым эле..
+1
ruslan1985
2015-11-20 23:04:13
kantip ele taba albait. Misaly fransida ozun ozu jardyryp jibergenderdi anyktap izildep kim ekenin tastyktap koidu. A kyrgyzda bolsochu.
0
_adil_
2015-11-21 00:23:32
Бизде ушуда ким таза так иштесе олтуруш керек, жеп ичкендер журот жыргап
0
dasi05
2015-11-25 11:52:07
Jatkan jeri jayluu bolsun
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан