Ош облусунда кайрадан жер титиреп, күчү 6 баллга жетти

Ош облусунда бүгүн, 20-ноябрда жер титиреди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына байланышкан окурмандар билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов: "20-ноябрда саат 10:46да жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн күчү эпицентрде 6-6,5 баллга жетти. Алдын ала маалымат боюнча, жер силкинүүнүн очогу Кара-Сөгөт айылынан түндүк-чыгышка карай 7 чакырым, Ош шаарынан түштүк-чыгышка карай 30 чакырым аралыкта жайгашкан. Лангар, Кара-Сөгөт, Бек-Жар, Чайчи, Кызыл-Туу айылдарында жер титирөөнүн күчү 6-6,5 балл, Ош шаарында 5 баллга жеткен",- деди.

Эске салсак, Ош облусунда 2015-жылдын 17-ноябрында саат 23:29да күчү 7 балл болгон жер титирөө катталган. Анда жер титирөөнүн күчү Кара-Суу районунун Талдык, Лаглан, Чайчи, Тээке айылдарында 7 балл, Алай районунун Кызыл-Суу, Боз-Караган, Гүлчө айылдарында 6-7 балл, Ош шаарында 6 балл, Жалал-Абад шаарында 4-5 балл жана Өзгөн шаарында 5-6 баллга жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (37)
jasi
2015-11-20 11:46:55
Кудай сактасын, эмне эле болуп жатат
+3
Sayragul
2015-11-20 12:11:55
Жогорудагы анчалык болбоду дегендер устун окусанар ой, комментарий беруунун алдында Ошто 5 балл, Карасуу районунун айылдарында 6-6,5 балл деп жатат.
0
Ailo
2015-11-20 12:13:50
Адамдар бул Аллахтын эскертуусу.Менда иштен чыктым коркуп(
+3
bond0202
2015-11-20 12:16:44
бир эле силкти
0
mamatkerim
2015-11-20 14:31:22
bond0202,2 жолу силкти
0
Araika
2015-11-20 12:20:39
Эмнеге тынбай болуп жатат?! Аллахым озу сактаса экен.
0
tairermatov
2015-11-20 12:25:51
Аллахым озу сактасын да. Пенденин колунан эмне келмек эле(
+1
Nasi1981
2015-11-20 12:26:22
Уйдо калган балам козумон учун туруп алды, заманыбыз тынч болсунчу. Аллахым сактасын.
+1
dasta
2015-11-20 12:27:41
Кудайым озу сактасын апат кырсыктардан
0
Mirlan5
2015-11-20 12:34:34
. Жер титироо, тоо кочку,кыян у.с.ж.б. негизи туштукто коп болот. Эл толкуса жер толкуйт дечу эле аксакалдар илгери... Жараткан алакандай Кыргыз жерине, элине ТЫНЧТЫК бер.
+1
jass
2015-11-20 12:40:19
Nasi1981 men da baldarimi oylop ewikke da 4igalbay koydum,cadikte bol4u kuday ozu saktasin baaribizdi
+1
Belek2070
2015-11-20 12:44:17
Ушуну менен эле отуп кетсин Аллах озу сактасын жер жузун. 7 балл болсо бул биз учун эн чон корсоткуч 9 балда уйлор тегизделет. Эмне учун биздин сейсмологдор алдын ала жер титироо болушун билдире албай жатышат. Аты жазылган айылдын тургундары журумунорду ондогула ыйманга келгиле намаз окугула Экинчи жолу болуп атат эскертуу. Келгиле баарыбыз тен Аллахтан сураналы туугандар дуа кылалы ушундай боодо кырсыктардан сактай кор Аллахым деп. Кылган дуаларынар кабыл болсун.
+3
rahali
2015-11-20 17:57:02
Belek2070, бир эле кыргызстанда же карасуудагы элдердин пейили бузулган жокда,тоолуу аймактарда жер титироо коп катталат
+2
Aikyz84
2015-11-20 13:09:36
Эх кудайым озун сактай кор
0
marmiladka9
2015-11-20 16:23:13
болбой эле калсынчы эми...
0
srajdin
2015-11-20 17:18:54
оо Аллахым озун сакта .
0
Gulya21
2015-11-20 18:12:38
Оо кудай өзүң сакта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан