Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы бүгүн, 20-ноябрдагы жыйынында жашы жете элек балдарга карата зордук-зомбулук көп болуп жатканы боюнча укук коргоо органдарынын жана башкалардын маалыматын укту. Жыйында депутат Тазабек Икрамов Саламаттыкты сактоо жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө кайрылып, "Жаш балдарды зордуктагандар эмне оору менен оорушат, алар кимдер?" деп кызыкты.
"Жаш балдарды зордуктагандар арак ичип алып же интернеттен видеолорду көрүп алып ушул ишке барып жатышабы? Мүмкүн, башка оору менен оорушат чыгар... Ички иштер органдары алардын эмне себептен бул ишке барып жатканын далилдөө үчүн экспертизага берип жатышат. Эмне себептен ушундай ишке барышат экен?"- деди Икрамов.
Ички иштер министрлигинин өкүлү Азамат Абдрахманов: "Жаш балдарды зордуктагандардын 93 пайызы арак ичкен адамдар болуп жатат. Ал эми зордукка кабылган балдар ички жана сырткы мигранттардын балдары болууда",- деп жооп берди.