Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Кара-Суу РИИБинин кылмышкерлерди иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жарандардын автоунааларын уурдап жүргөн жаран кармалды. Кылмышка шектүү - 1994-жылы туулган Кара-Суу шаарынын тургуну. Аталган башкармалыктан билдиришкендей, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери улантылууда.
Кылмышка шектүү "жыл ичинде 2 ирет ДЭУ-Тико унаасын уурдаган" деп шектелүүдө. Арыз менен кайрылган жарандар алардын биринин мамлекеттик номуру О 47-40 М экенин, экинчисиники D 59-52 E экенин көрсөтүп беришкен.