Жалал-Абад облусунун аймагында бүгүн, 21-ноябрда үч ирет жер титирөө катталды. Алгач саат 06:15те катталып, очогунда 5 балл болсо, экинчи ирет 06:46да катталып, очогунда 2,5 баллга жетти. Андан кийин саат 08:35те катталып, очогунда 4-4,5 баллга жетти.
Сейсмология институтунун берген маалыматы боюнча, 08:35те кайталанган жер силкинүү Чаткал тоолорунда жайгашып, Аксы районунун Кашка-Суу айылынан түндүк-батышка 15 чакырым, Кербен айылынан түндүк-батышка 30 чакырым, Терек-Сай айылынан түндүк-чыгышка 40 чакырым, Таш-Көмүр шаарынан түндүк-батышка карай 65 чакырым аралыкта жайгашкан. Кашка-Суу айылында 4, Терек-Сай айылында 3,5, Кербенде 3 балл болгон.