Прокуратура учак кырсыгына байланыштуу кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура бүгүн, 22-ноябрда Красноярск-Ош каттамы боюнча учкан "Авиатрафик" авиакомпаниясынын Боинг 737 учагынын “Ош” аэропортунда кырсыкка кабылганына байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришкендей, кырсык болгон жайга транспорт прокурорунун орун басары Союзбек Сыдыков жана Ош облусундагы транспорт боюнча ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги барган. Ал жер текшерүүгө алынып, кырсыктын келип чыгуу схемасы түзүлдү.

Алдын ала маалыматтар боюнча, “Ош” аэропортуна материалдык чыгым келтирилген. Ошондой эле экипаж мүчөсү аба коопсуздугу боюнча эрежени бузган. Прокуратура тарабынан экипаж мүчөлөрү жана жүргүнчүлөр суралышты. Транспорт прокуратурасы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (жол кыймылы, темир жол жана аба, сууда жүрүү боюнча эрежени бузуу) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө тобу түзүлүп, иликтөө иштери башталды.

Оштун аэропортунда кырсыкка кабылган учактын видеосу жана уча албай турган жүргүнчүлөр
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
N.mira
2015-11-22 17:52:59
Дагы кудай сактаптыр.Ошто туман калын дешип атат го.москвадан учкан самолет дагы эки жолу посадка берип коно албай бишкеке конуптур.
+4
bema_bema
2015-11-22 18:02:18
Экипаж мучолорундо эмне куноо туман болсо дагы ошолор куноолу болуп калабы?
+17
zhykyo
2015-11-22 19:06:57
Учак айдагандарды соттоп ийбесе болду эми кашайтып
+5
briliant87
2015-11-22 19:12:24
Прокуратураны жоюуп жибериш керек болуп калды озу.
+9
Bayjigit83
2015-11-22 22:50:11
Тим эле Кыргызстанда кылмыш ишин козгогонго башка иш калбагандай экипаж мучолоруно иш козгошот,тообо. Аларда эмне айып...
+5
odin-takoy
2015-11-23 01:16:42
Прокуратурага башка иш жокбу кылганга
+3
dubai
2015-11-23 01:26:34
ошо экипаждын мыктылыгынан аман калышты да жургунчулор!эми биздикилерге эптеп акча сыкмай,уят болот экенбиз да башка мамлекетке,вообще эле жаап салса не болот,же экипаждын мучолору тажрыйбасыз болуп жургунчулорду набыт кылып койсо эмне болот эле!эптеп аман-эсен кондурушуптур го,кудай десенер боло...
+4
balzak
2015-11-23 08:45:57
кудай сактаптыр,кырсыкка чейин текшеруусун текшерип,тиешелуу чечимдерди кабыл алышпай эле, болоору болуп буткондон кийин текшеруучулор четинен чыгат, эми эмне калганы акчада....
+1
Beka_06
2015-11-23 11:15:21
Кудай сактаптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан