Боинг 737 учагынан жабыркаган кош бойлуу аял ооруканада жатат

Бүгүн, 22-ноябрда таңкы саат 7:56 чамасында 148 жүргүнчүсү менен Орусиянын Красноярск шаарынан Ошко сапар алган "Авиатрафик" авиакомпаниясынын Боинг 737 учагы Ош аэропортуна конордо кырсыкка кабылган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматтарына ылайык, жалпы 6 жүргүнчү Ош облустук аймактар аралык ооруканасына кайрылган. Анын төртөө ооруканага жаткырылып, экөө медициналык жардам алып үйүнө кайтышкан. Алардын арасында кош бойлуу аял да бар болгон. Ал ооруканага жаткырылып, психологиялык жардам кɵрсɵтүлгɵн. Бактыга жараша, оор жаракат алгандар жок.

Учак Орусиянын Красноярск шаарынан Ошко багыт алган, бирок аба ырайынын начардыгынан улам Бишкектеги "Манас" аэропортуна конууга аргасыз болгон. Аба ырайы жакшы делингенден кийин кайра 7:00 чамасында Ошко сапар алып, конордо тилкеден чыгып кеткен. Натыйжада учактын сол канаты жана дөңгөлөктөрү талкаланган.

Оштун аэропортунда кырсыкка кабылган учактын видеосу жана уча албай турган жүргүнчүлөр
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
altynaiB
2015-11-22 18:01:59
Калгандарынын денесине зыян келтирилген- деген кандай
0
zaika.tvo9.1990
2015-11-22 18:22:28
Сыйрылып, көгөрүп кеткендер болсо керекдир.
+1
zhumagul89
2015-11-22 19:19:04
Иий кудай сактасын.
+1
azimova90
2015-11-22 19:45:29
Кудай сактаптыр жакшы баары аман эсен калышыптыр. Тынчтык болсун.
+1
a.m.akmoldoev
2015-11-22 20:41:07
Кудайым сактаптыр.
+1
USSRKG
2015-11-22 23:03:37
Кудай гана сактаптыр боору оруганго. Тынч болсун элибиз
+2
azureya19
2015-11-23 08:31:19
Экипаж мучолоруно рахмат адам омуру кыйылган жок. Эми силерге Аллахым куч-кубат берсин.
+2
azureya19
2015-11-23 08:36:19
Аба ырайына байланыштуу задержка дегенди авиакомпания ээлери ото жаман корушот,ашыкча чыгым дешет. Авиа керосин,стоянкага толош керек. Командирди давить этишсе керек бол эле бол уча бер дешип. Бул жеке менин пикирим.
+2
Take_men
2015-11-23 09:20:10
azureya19, Мен да ошондой го деп ойлойм. Учкуч эч качан тобокелге барбайт. Шефтери кыстаган башка рейстер калып калат уча бер деп.
0
CEKET
2015-11-23 22:25:59
Ошто кун ыссыккыы гоо
0
CEKET
2015-11-23 22:28:43
Казакстанга окууга бармакпыз анан эрте менен жумушка ой окууга кеч калабыз дейби)))анан дагы гостиницага суйлошконбуз куйуп кетет дейт.Тушунумуш болдум эптеп))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан