Лебединовкада уюлдук телефонду уурдаган адамдар бир айдан кийин кармалышты

Чүй облусунун Лебединовка айылында "үйдөн уюлдук телефон уурдаган" деген айып менен 39 жана 45 жаштагы адамдар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, укук коргоо органдарына аталган айылдын 1967-жылы туулган Б.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 21-октябрда белгисиз адамдар анын үйүнөн уюлдук телефон уурдап кетишкен.

Бул факт боюнча кылмыш иши "тоноо" беренеси менен козголгон. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1976-жылкы С.У. жана 1970-жылкы Ж.К. аттуу жарандар колго түшүштү. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
12.12.12
2015-11-23 11:06:10
Колдоурн кечиш керек. Телефон уурдап, оной тамак тапкандар кобойду го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан