Бишкектин Жал кичи районунда милициянын тергөөчүсү унааны мас абалында айдаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда шаардык милициянын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалым болгондой, тергөөчүгө карата кызматтык иликтөө дайындалды, тиешелүү материалдар Ленин райондук прокуратурасына жөнөтүлдү.
"Кечээ, 22-ноябрда саат 23:00 чамасында Түштүк магистраль жана Тынчтык кең көчөсүнүн кесилишинде Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа Жол-кайгуул кызматынын токтотуу талабына баш ийбей качып кеткен. Жол-кайгуул милициясынын атайын батальону аны кубалап, Жал кичи районунан токтоткон. Текшерүүнүн жыйынтыгында айдоочу Октябрь райондук милициясынын тергөөчүсү экени белгилүү болду. Анын мас абалында болгонун экспертиза аныктады",- деп билдирет мекеме.
Алдын ала маалыматтар боюнча, тергөөчү жол-кайгуул инспекторлорунан качып баратып аларга карата бир нече жолу ок чыгарган.