Ысык-Көл. Үйлөнүү тойго барган баланы бычактап өлтүрүп кетишти

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда үйлөнүү тойго конок катары барган баланы бычактап өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалым болгондой, 23-ноябрда саат 01:15 чамасында Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун милиция бөлүмүнө азиат улутундагы баланын жансыз денеси жергиликтүү ооруканага алынып келингени тууралуу маалымат түшкөн. "Анын көкүрөгүнөн жана сол бутунан бычактын издери табылган. Маркум Чолпон-Ата шаарынын 19 жаштагы К.Бексултан аттуу тургуну экени аныкталган. Күбөлөр билдиришкендей, ошол күнү Бексултан өзүнүн таанышынын үйлөнүү тоюнда болгон. Иш-чара аяктаганда той өтүп жаткан үйдүн жанынан коноктор баланын жансыз денесин көрүп калышып, унаа менен ооруканага жеткиришкен",- деп билдирет мекеме.

"Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 20 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын О.Нурбол аттуу тургуну кармалды. Суракта ал күнөөнү моюнуна алды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга отургузулду. Тергөө амалдары уланууда",- деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
nur-patriot
2015-11-24 09:46:58
той болот, тойдун эртеси да болот
-2
bilbeim.dordoi
2015-11-24 09:49:19
Ичимдиктин айынан, коп окуялар болуп атат
+2
Er-jurok
2015-11-24 10:00:16
Беркиден тартып алса керек да.
+3
Aselina_kg
2015-11-24 10:40:45
Ичип алып оо дуйного жоното берип,тугонуп бутмой болдук
Аракты таштагылачы адамдар!!!!!!
+5
EdikoKG
2015-11-24 10:41:32
Баашынан ушундай жаман " салт" бар го. Тойго барсан,месный балдар арак доолашып,айрымдары атайын "сайылышат".
+1
madina.87
2015-11-24 10:42:18
Кыз талашкандыр,жаш экен экоо тен.
Бири он гулунун бири ачыла электе оо дуйно сапар алса бири жаш туруп муздак дубал артында жашоо кечирет...
Эх жаткан жерин жайлуу болсун!
+2
a.m.akmoldoev
2015-11-24 10:45:51
Кудай сакта
+3
zhykyo
2015-11-24 10:52:40
Бир нерсе болсо эле бычак которуп качырган кобойду коомдо
+1
Nariste...12
2015-11-24 10:58:35
Кудай сактасын ! Жапжаш эле балдар экен го!
+1
shutUP
2015-11-24 11:04:52
чолпон-аталыктар озу мама-ама-криминал келишет
-2
bolotbai3
2015-11-24 11:13:38
Каап жаш эле балдар экен,бул да болсо арактын айынан болгон да.Каза болгон баланын жаны жаннаттан болсун,жакындарына конул айтам сабыр кылыныздар.
+4
Alixan-Nookat.2015
2015-11-24 11:51:47
Жаш он гулунун бир гулу ачыла электе акмактын колунан каза болду.Жаткан жери жайлуу болсун!
+2
omka100514
2015-11-24 11:55:13
АстагфирАлла, жапжаш бала экен. Жаратканым оз ырайымына алсын
+1
kopiko
2015-11-24 13:34:59
Просто жалко ! Конок койдон жош!
+1
RaHat19
2015-11-24 19:20:27
баардык жакындарына жана биртуугандарына ата-энесине терен кайгыруу менен конул айтабыз.аны олтургон балага наалат озунун да ата энесин сыздаткан кандай акмак.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан