Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Рахманжан айылында "8 жаштагы баласынын классташын токмоктоду" деп 1974-жылы туулган адам шектелүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган окуя боюнча учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. "Бул факт Жалал-Абад ОИИБинин кылмыштарды каттоо китепчесинде 20-ноябрда катталган. Жабырлануучунун денесине залал келтирилген, бирок ал ооруканага жаткырылган эмес. Биринчи жардам алган соң ал үйүнө жөнөтүлгөн",- деп билдиришти мекемеден.
Аталган айылдын тургундарынын айтымдарында, кылмышка шектүүнүн 8 жаштагы К.Мурат аттуу баласы А.Өмүрбек аттуу классташы менен ойноп жаткан. "Өмүрбек Мураттын ичин кысып койгондо, Мурат үйүнө ыйлап барып, атасына айткан. Мурат "биздин үйдө ойнойбуз" деп Өмүрбекти алдап чакырганда, атасы аны үйүнө алып кирип, бутуна бир тепкен экен. Жабырлануучу башы менен дубалды сүзүп жыгылган. Ал киши бала өзүн жоготуп койгондо гана токтоп, бетине суу чачып өзүнө келтирип, мектептин алдына чыгарып койгон. Бүгүнкү күндө ал адамды милиция кызматкерлери издеп жатышат",- дешти тургундар.