Телтаевдин өлүмү боюнча №1-СИЗОнун жетекчисине кылмыш иши козголду

23-ноябрда Жазаларды аткаруу мекемелериндеги мыйзамдуулукту көзөмөлдөө боюнча прокуратура Бишкектеги №1-СИЗОнун жетекчисинин милдетин аткаруучу Б.Т.га карата "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан 24-ноябрда билдиришти.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, 13-ноябрда Биринчи Май райондук соту Чүйдөгү №50-СИЗОнун мурунку башчысы Иманкул Телтаевди №1-СИЗОго камакка алуу боюнча токтом чыгарган. 14-ноябрда Телтаев Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайынан №1-СИЗОго которулган.

№1-СИЗОнун жетекчисинин милдетин аткаруучу Б.Т. Юстиция министрлигинин кылмыш-жаза аткаруу системинин тергөө изоляторлорунун ички эрежелерин бузуп, Телтаевди СИЗОнун медициналык-санитардык бөлүгүнө жайгаштыруу жөнүндө оозеки көрсөтмө берген. Ошондой эле Телтаев анда күзөтчүсү жок отурганы аныкталды.

Эскерте кетсек, Телтаев 20-ноябрь күнү №1-СИЗОнун медициналык-санитардык бөлүгүндө өз шейшеби менен асынып алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Bektur2
2015-11-24 13:27:38
Эми бул №1-СИЗО жетекчисинин милдетин аткаруучусу Б.Т да акырын жок кылгыла ал да кандайдыр себептер менен олду кылып
+6
kubaku
2015-11-24 13:46:44
Bektur2, анан б.т отурган сизонун башчысын камагыла...
+3
aidai88
2015-11-24 13:35:16
Эми бул дагы асынып албаса эле болду
+3
Aiko_92_29_08
2015-11-24 13:56:49
Анан жаны келген жетекчисинин милдетин аткаруучу келсе аны да камагыла
+3
omka100514
2015-11-24 14:01:43
"Телтаевдин олуму бойунча кылмыш иши козголбойт, ал оз жанын озу кыйды"- деп сайрап атышты элего, Ыраматылык И.Т нын семьясы акча берип кайра кылмыш изин козготкон ондуу
+3
Ssinz7
2015-11-24 16:24:04
Демек эми кезек номер 1-СИЗОнун жетекчисине келиптирдаа.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан