Өлкөдө 10 ай аралыгында экстремизмге байланыштуу 294 факт катталып, 124ү боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу 25-ноябрдагы маалымат жыйынында белгилүү болду.
ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдраим Салимовдун айтымында, экстремизмге байланыштуу 239 адам кармалган. 7331 материалдар алынып, ички иштер органдарына 1846 адам каттоого алынган. Алардын басымдуу бөлүгү "Хизбут-Тахрир" уюмунун мүчөсү.
Маалыматка караганда, Сирия, Ирак жана Ооганстандагы террордук топтордун катарында 400гө жакын кыргыз жарандары бар. Алардын 76,7 пайызы эркектер болсо, 23,3 пайызын аялдар түзөт.