"№50-СИЗОнун мурунку башчысы Иманкул Телтаев өзүн өзү өлтүрдү" деген маалымат чындыктан алыс",- деди бүгүн маалымат жыйынында Телтаевдин агасы Камчыбек Абелдиев.
"№1-СИЗОдо Телтаев менен анын уулу жана башка туугандары жолукканда анын абалы жакшы болгон, Телтаев эч кандай оору жөнүндө айткан эмес. Медициналык эксперттер анын өзү асынып алганы мүмкүн эмес дешкен, анткени анын моюнундагы сөөгү сынып калмак. Экспертизанын көрсөткүчү боюнча ал сөөк сынган эмес",- деди Абелдиев.
"Биз өкмөттөн өлүмдү тергөө иштерин өзү жүргүзсүн деп суранабыз. Адам өлгөнү өлдү, бирок анын балдары жаманатты болбошу керек",- деп кайрылды өкмөткө Телтаевдин тууганы.
Эскерте кетсек, "Телтаев 20-ноябрь күнү №1-СИЗОнун медициналык-санитардык бөлүгүндө өз шейшеби менен асынып алган" деген маалыматты Жаза аткаруу кызматынан билдиришкен.