ЭЛДИК КАБАР: Ошто бензин ташуучу автоунаа аңтарылып кетти

Бүгүн, 25-ноябрда саат 09:00 чамасында Ош шаарындагы Ахмедов көчөсүндө бензин ташуучу автоунаа аңтарылып кетти. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Бактыга жараша, адам өмүрүнө зыян келген жок. Өрттүн алдын алуу максатында унаадагы бензин башка бензин ташуучу унаага куюлду. Жол убактылуу тосулуп турду. Жаңы унаа бекетине баруучу жана келүүчү унаалар айланганга мажбур болушту",- деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Ailo
2015-11-25 15:02:44
Ошоо эрте менен Западныйга кеткен жолду тосуп койушкан экен.
0
Pantherka
2015-11-25 15:10:38
жаман го и опасно
0
dasta
2015-11-25 16:00:28
Арам тамак менен алектенген биронуу болсо керекта алла корсотуп койуптур куппа еле кундузуго тептегиз жолдо
-3
Umnitsa
2015-11-25 17:47:42
dasta, сиз кайдан билесиз, балким, ушул камазы менен уй булоосун багып, нан таап жургон инсандыр...
+4
bek040295
2015-11-25 16:05:29
озуда картошка алып бараткандай катуу журушотда
жакшы жарылып кетпептир
+2
kilim
2015-11-25 16:13:45
Туз еле жолго емне себеп болду екен
0
Altyn198
2015-11-25 16:28:46
Мага баарынан өрт өчүрүнө жөлөнүп турган адам жакты ааламды сел алса өрдөкө барибир дегендей болуп))
+5
Mars55
2015-11-25 16:38:02
Altyn198, ха ха ха
0
bektur1993
2015-11-26 21:46:58
Бул орт очуруучу кызматкери кантет тамашакылып тургандайго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан