Биз социалдык тармакта

АКШ Путинди G20 саммитине чакырды

АКШ президентинин администрациясы Орусиянын президенти Владимир Путинди Майами шаарында өтө турган G20 саммитине чакырды. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, саммит Путин үчүн АКШ президенти Дональд Трамп менен гана эмес, башка дүйнө лидерлери менен да пикир алышууга мүмкүнчүлүк берет.

«Биз ал бул чакырууну кабыл алат деп үмүттөнөбүз», — деди Рубио "РИА Новости" агенттигинин суроосуна жооп берип жатып.

Ошондой эле ал Вашингтон Москва менен диалог жүргүзүүгө ачык бойдон кала берерин белгиледи.

«Маселелерди чечүү үчүн пикир келишпестиктер же белгилүү бир карама-каршылыктар болгон лидерлер менен да жолугушуу керек», — деди АКШнын мамлекеттик катчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан