Грек-рим күрөшү боюнча Өлкө чемпиондугунун 1-күнкү жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу КРнын Грек-рим федерациясы маалымдады.
Айта кетсек, мелдеш 11-мартта Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда башталып, ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген 150 спортчу катышууда. Жеңүүчүлөр төмөндөгүлөр:
Калыбек Жолчубеков (55 килограмм), Арсен Айылчиев (66 килограмм), Азат Бейшебеков (84 килограмм), Мурат Рамонов (120 килограмм).