Ош облусунун Араван районунун жашоочуларынын малдарын уурдап, аларды Өзбекстандын аймагына айдап өтүп жүргөн Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары Өзбекстандын жараны, Анжиян облусунун Мархамат районунун 1990-жылы туулган тургуну С.Сардор кармалды. Ал Мурадыл, Дилмурат, Акыл жана Исраил аттуу балдар менен биргеликте Араван районунун жашоочуларынын короолорундагы малдарды уурдап, уурдалган малдарды Өзбекстанга айдап өтүп жүрүшкөндөрүн айткан. Учурда тергөө иштери жана калган кылмышка шектүүлөрдү жоопко тартуу боюнча кошуна мамлекеттин укук коргоо органдары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Кылмышка шектүүлөр төмөндөгү жарандардын малдарын уурдап ири өлчөмдөгү зыяндарды келтиришкен: