Орусияда эки кичи автобус кагылышып кетти. Кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркап, 7 адам каза тапты. Алардын үчөө кыргыз, үчөө орус, бири тажик улутунан болгон.
Бул тууралуу Иркутск облусунда жашаган Тынчтыкбек Абдылдаевге шилтеме берип "Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматы 26-ноябрда билдирди. Маалыматка караганда, Нижнеудинск - Тулун багыты боюнча бара жаткан Истана унаасы Тойота Хайс менен кагылышып кеткен.