Бүгүн, 26-ноябрда Бишкектеги Абдрахманов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде унаа тыгыны пайда болду. Алгач унаа кыймылын жөнөкөй жаран жөнгө сала баштады. Андан соң МАИ кызматкерлери келишип, өздөрүнүн милдетин аткарышты. Шаар тургундарынын айтымдарында, бул унаа тыгыны жол кырсыгынан улам пайда болгон.