Ош. Токтоп турган унааны айдай качкан 20 жаштагы тургун кармалды

25-ноябрда Ош шаарында токтоп турган Хонда Фит үлгүсүндөгү унааны (мамлекеттик номуру - О 1410 Р) айдай качкан жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, унаанын ээси, Ош облусундагы Кара-Суу районунун Кара-Сөгөт айылынын тургуну, 1996-жылы туулган А.А. ушул эле күнү милицияга арыз менен кайрылган. Окуя 05:30да катталган. Көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын тургуну, 1995-жылы туулган А. уулу М. кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан