Дин адиси Кадыр Маликовду сабагандар аны өлтүрүүгө аракет жасашкан. Бул тууралуу маалымат жыйынында жабырлануучунун агасы Тимур Элебесов билдирди.
Анын айтымында, Кадыр Маликов ага карата коркутуулар болуп жатканына байланыштуу буга чейин өлкөнүн күч түзүмдөрүнөн курал алууга уруксат берүүнү суранган, бирок газ тапанчасына гана уруксат берилген. "Бул экинчи кол салуу болуп жатат. Милиция бул окуяны жөн эле бейбаштык деп саноодо. Чындыгында, Кадырдын өмүрүнө кол салынды. Учурда анын абалы оор. Ал өзү бизге билдиргендей, кол салгандар "Аллаху Акбар" деп аны бычакташкан",- деди Элебесов.
Андан соң ал К.Маликовго кол салуу анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин баса белгиледи.
Эскерте кетсек, кечээ, 26-ноябрда Бишкектин Асанбай кичи районунда белгисиз адам дин маселелери боюнча абройлуу адис Кадыр Маликов менен чырдаша кетип, аны бычактаган. "Маликов автоунаасы менен унаа токтотуучу жайдан чыгып бараткан. Ага тоскоолдук жараткан унаага үн сигналын бергенде, айдоочу баш бербей койгон. Андан соң алардын ортосунда чыр чыгып, айдоочу Маликовго карата бычак колдонгон. Жыйынтыгында Маликов бетинен жаракат алган. Анын абалы туруктуу. Учурда ооруканада медициналык жардам алууда. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышты. Маликовго кол салуу анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу эмес. Учурда кылмышка шектүү жаран изделүүдө",- деп билдиришкен Бишкек шаардык милициясынан.
Эксперт Кадыр Маликов “Ирак жана Левант мамлекети” террордук уюмун сындап келет. Бул уюмга арналган иш-чаралардын биринде ал “Ирак жана Левант мамлекети” кыймылы демократияга жана адилеттикке ишеничин жоготуп алган жаштарга багытталган” деп айткан. Бүгүн, 27-ноябрда ал "Террорчулук менен күрөшүүдө мамлекет эмне кылышы керек?" деген темага арналган маалымат жыйынын өткөрмөк.