Бишкекте "адамды унаага салып, эл жок жерге алып барып, акчасын тоногон" деген шек менен эки жаран изделүүдө (фото)

Бишкекте "адамды унаага салып, эл жок жерге алып барып, акчасын тоногон" деген шек менен эки жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Бишкек милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 25-27 жаштардагы жарандар борбор калаанын Лермонтов жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде П.Т. аттуу тургунду тапанча менен коркутуп, Лексус үлгүсүндөгү унаасына салып кетишкен. Андан соң алар эл аз жерге барышып, 41 миң сом акчасын алып качышкан.

"Учурда бул факт боюнча кылмыш иши “адам уурдоо” жана “каракчылык” беренелери боюнча козголгон. Укук коргоо органдары сүрөттөрдө көрсөтүлгөн кылмышка шектүүлөрдү таанып-билгендерди (0554) 001 200, (0553) 102 687 телефон номурларына кабарлоону өтүнөт. Купуялык жана сый акы кепилденген",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
mirlanpiter
2015-11-27 17:54:57
Таанып болбойтко суроттогулорду
0
Azim.00kg
2015-11-27 17:55:56
Анча байкалбайт го.
0
bond0202
2015-11-27 18:31:01
дагы бир крутойдун балдары да
-1
AiBoru
2015-11-27 21:03:06
Качан ушул биздин милициялар оздору бироону издеп тапканды уйронушот. Качан болсо, тапсанар суйунчусу бар дегени деген
-2
ruslan1985
2015-11-27 23:15:57
AiBoru komentariine soz jok tuwungon adamdyn sooguno emes chuchuguna otup ketiptir.Azamatsyn.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан