25-ноябрь күнү саат 23:10 чамасында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда зордуктоо фактысы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.
Маалым болгондой, аталган райондогу ресторандардын биринде үйлөнүү тою болуп жаткан. "Үйлөнүп жаткан жигиттин айылдаш досу мас болуп алып, келиндин курбусун “үйүңө жеткирип коём” деп алдап, аны талаага алып барып, коркутуу жолу менен зордуктаган. Натыйжада кыз денесинен жаракат алып, Базар-Коргон аймактык ооруканасынын гинекология бөлүмүнө түшкөн",- дешти мекемеден.
"Жогорудагы окуя боюнча Базар-Коргон райондук милициясынын иликтөөчүлөрү кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү катары Базар-Коргон айылынын 1994-жылы туулган тургунун кармашты. Аталган факт боюнча "зордуктоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы күндө тергөө иштери жүрүүдө",- деп кошумчалашты облустук милициядан.