Дин эксперти Кадыр Маликовду катуу сабап, бычактаган адамдарга эл аралык издөө жарыяланды (фото)

Бишкектин Асанбай кичи району тарабында дин эксперти, коомдук ишмер Кадыр Маликовго кол салуу фактысы боюнча тергөө амалдары уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, 26-ноябрда саат 18:50дө К.Маликов Асанбайдагы ата-энесинин үйүнөн чыгып, жолугушууга бараткан. "Народный" дүкөнүнүн унаа токтотуучу аянтчасында анын Лексус-470 үлгүсүндө автоунаасынын жолун БМВ үлгүсүндөгү автоунаа тосуп турганын байкаган. БМВнын салонунда азиат улутундагы 25-30 жаштардагы жаран отурган. Маликов ага кайрылып, унааны жылдырып коюуну өтүнгөн. Жаран дүкөнгө кирип кеткен айдоочунун келишин күтүп турууну суранган. Буга К.Маликов макул болуп, андан соң "Народныйга" уюлдук телефонунун балансын толтурууга кеткен. Ал унаасына кайра келгенде аталган айдоочуну көрүп, бирок БМВ ордунан жылбаганын көргөн. Мындан кийин алардын ортосунда чыр чыгып, жыйынтыгында Маликов ооруканага жеткирилген.

Ушул эле күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы аталган факт боюнча "бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө БМВ үлгүсүндөгү унаа Алтын-Ордо конушунан табылган. Унааны текшерүүдө манжалардын издери алынып, керектүү буюмдар экспертизага жөнөтүлгөн. Андан соң БМВ унаасы Октябрь РИИБине жеткирилген.

26-ноябрдан 27-ноябрга караган түнү кылмышка шектүүлөрдүн өздүгү аныкталган, алар: Нарын шаарында 1987-жылы туулган, Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушунда жашаган Тилек уулу Алибек жана Ош облусунун Ноокат районунда 1986-жылы туулган, үй-бүлөсү менен Бишкектин Асанбай кичи районунун №28-үйүнүн №2-батиринде жашаган Ырыскул Бейшеналиев.

27-ноябрда тергөөчүлөр жабырлануучу К.Маликовго барышып, окуя боюнча маалымат алышкан. Мындан тышкары милиция кызматкерлери Маликовго кылмышка шектүүлөрдүн сүрөттөрүн көрсөткөндө, ал сүрөттөгү адамдар ага кол салгандар экенин билдирген.

27-ноябрда Октябрь РИИБи кошумча материалдар менен таанышып, козголгон кылмыш ишинин "бейбаштык" беренесин "мамлекеттик же коомдук ишмерге кол салуу" беренесине өзгөрткөн. Учурда ыкчам иликтөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө. 28-ноябрда аларга эл аралык издөө жарыяланды. Тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
samsungc3
2015-11-28 18:47:52
буларга да 1 000 000 деп койбоптурда
+9
Arslan12
2015-11-28 18:52:26
Ушуга окшогондорду кармасам моюнун жулам
+10
nurka92
2015-11-28 19:02:36
Arslan12, - кызык куноо кимде кудай билетго
0
Asadulla
2015-11-29 00:01:31
nurka92, ХХХ куноо дин экспертинде болову анан ?
+1
admin_portal
2015-11-30 15:33:56
Asadulla - эскертүү!
Башкаларды кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
tursunbaev2004
2015-11-29 23:59:15
nurka92,Куноо кимде болсо да бычак сайганы туура эмес менимче
0
elchi84
2015-11-28 20:20:23
Кантип эле таба алышпайт!
+4
kuba1983
2015-11-28 20:41:59
Kyrgyzstanda myizamga kowumcha jazaloonu kirgizip kylmywkerdi katuu jazaloo kerek.
+5
MAKALAK
2015-11-28 21:04:43
булардын оздугун кандай аныктады
+3
jaka92
2015-11-29 01:33:19
MAKALAK, отпечатка пальцев алынды,унаа кимге тиешелуу ошондон аныкташты. Экспертиза жургузулду. Азыр21-кылым го.
+2
bek040295
2015-11-28 21:29:10
бироо сабап кетседа суперге кайрылат окшойбуз эми табып бергиле деп
-8
Arslan12
2015-11-29 10:37:08
bek040295, супер деген гезит массалык маалымат каражаттары сага-мага окшогондор окуйт
+3
bek040295
2015-11-29 12:00:27
Arslan12, жазы менен эшектерди окудук
жайында Омарды окудук
кузундо зектерди эми
кыш ичи дин экспертин окуп калабызбы деп коркомда
кылмышкерлер изделип атат анан мно жерде бироолор коруптур мно жерден карматпай качып кетиптир деп эле узак окуя болот элего
0
ufc123456
2015-11-28 21:37:33
Bul jerde bir syr bar dep jazbaisynarby milici9 kunooluu dep jazgyla
+4
bekjan_5
2015-11-29 00:16:42
Аман эсен айыгып кетсин эмнеси болсо да. Кудайдын козу туз болсо пенденин колунан эч нерсе келбейт деген ушул да. Дагы жакшы аман калыптыр.
+2
Rifle_2
2015-11-29 01:45:59
BMWнын убагы өтүп кеткенин билишбеген, өпкөсүн колтуктагандар окшойт да. Черный бумер азыр хит эмес да.
+1
nelya88
2015-11-29 16:13:50
Манжаларынын издери аркылуу оздугу аныкталса,анда бул суроттору биометрикалык каттоодон отуп жатканда тартылып алынса керек..
0
mts0001
2015-11-29 23:43:56
алар деген биометрикадан отпойтда алар бумер болуп атса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан