Биринчи Май райондук прокуратурасы Бишкек "Тез жардам" станциясынын атайын кийимдерди сатып алышынын мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүзгөн. 500 комплект кийим 1 миллион 200 миң сомго "БУПКОСГ" жоопкерчилиги чектелген коомунан сатылып алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө "Тез жардам" кызматынын жооптуу кызматкерлери тарабынан одоно эреже бузуулар болгону аныкталган. Бул тууралуу 29-ноябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Өткөн жылдын декабрь айында жана 2015-жылдын башында Бишкек "Тез жардам" станциясы кийим сатып алуу боюнча жеке ишкана менен мыйзамсыз келишим түзгөн. Бул боюнча тендер өткөрүлбөй, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат берилген эмес. Буга байланыштуу прокуратура "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгы эске алынбай мамлекеттик сатып алуулар боюнча келишимдердин түзүлүшү", "кызматтык жасалмалуулук" беренелери менен кылмыш иши козголду.