Кетмен-Төбөдө 6 үй-бүлө жашаган турак жай өрттөнүп кеткенин окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирген эле. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы төмөнкүлөрдү билдирет:
"Кетмен-Төбө шаарчасында 29-ноябрь күнү эртең менен Бекназаров көчөсүндө жайгашкан фин тибинде салынган турак үйлөр өрттөнгөн. Анын кесепетинен 1706 чарчы метр жыгачтан салынган үйлөр толугу менен күйгөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМнын №15-өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, №60-өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 09:00дө толук өчүрүлгөн. Кырсык электр шаймандарын колдонууда коопсуздук эрежелеринин бузулушунан келип чыккан".