Казакстандын Жамбыл облусундагы жол кырсыгынан кыргыз жараны каза болду

Казакстандын Жамбыл облусундагы жол кырсыгынан кыргыз жараны каза болду. Мындай маалыматты КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, кырсык бүгүн, 30-ноябрда таңкы саат 05:00 чамасында Кордай районунда, Алматы-Ташкент унаа жолунун 151-чакырымында болгон. Анда Мерседес үлгүсүндөгү автобус менен Тойота Ипсум үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп, жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 1 адам жаракат алды.

Кырсык катталган жерде Алай районундагы Будалык айыл аймагынын Кара-Суу айылынын тургуну, 1983-жылы туулган Т.М. каза болгондугу аныкталды. Бишкек шаарынын тургуну, 1978-жылы туулган Д.Г. жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Азыркы учурда каза болгон жана жабыркаган атуулдардын туугандары менен байланышуу аракети болуп жатат. Кошумча маалымат такталгандан кийин берилет”,- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aruusham
2015-11-30 11:27:31
Кудайым жакындарына сабыр бере гор.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан